Бала бакча тартыш. Баланы эрте жашынан өнүктүрүү ыкмалары

2017-жылы Орусиянын белгилүү “Лучше Всех” теледолбооруна кыргызстандык Албан-Али аттуу бала катышкан. Жети жаштагы бала жаныбарлар дүйнөсү тууралуу кызыктуу фактыларды айтып берип, көрүүчүлөрдү таң калтырган. Апасы Бермет Малдыбекованын айтымында, Албан-Али үйдө беш баланын кичүүсү, бакчага барган эмес. Сыналгыдан жаныбарлар, космос тууралуу берүүлөрдү көп көргөн. Ата-энеси педагог болгондуктан, үйүндө китеп көп. Албан-Али алты жашынан түрдүү китептерди окуй баштаган. Баланы тыя бербей эркине коюп, аны менен чогуу оюн ойноп, тарбиялык мааниси бар тасмаларды чогуу көрүү маанилүү экенин айтат Бермет Малдыбекова.

Бермет Малдыбекова – Албан-Алинин апасы

Албан-Али учурда 11 жашта. Мектепте жакшы окуйт, жаныбарлар дүйнөсүн, жаратылыш сырларын терең үйрөнүүгө кызыгат.

Албан-Али

Ош облусунун тургуну Айтурган Ураимжанова үч жаштагы баласын бакчага берүүнү пландап жатат. Бакчада башкалар менен аралашып, жаңы нерселерди өздөштүрсө дейт.

 “Эки перзентим бар. Көбүнчө кичүүсүн кароо менен алек болуп, чоң балама жакшы көңүл бура албай калам. Көбүнчө чаң жолдо ылайга буланып ойноп келет. Бакчага берсек, мектепке чейинки тарбияны алат. Бул эртеңки келечегине жакшы”,- деди Ураимжанова.

Бирок, алар жашаган аймактагы бакчаларда орун жок болуп жаткандыгын кошумчалады.

Көпчүлүк ата-энелер балдарын тамга таанысын, жазганды, өзү теңдүүлөр менен мамиле курганды үйрөнсүн деп, бала бакчага берүүнү каалашат. Бирок, Кыргызстан боюнча бала бакчалардын саны жетишсиз. Учурда 1 648 бакча иштеп жатат. Бул мектепке чейинки курактагы балдардын 22 пайызын гана камсыздайт.

Билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча жалпы бакча жашындагы балдардын саны 1 миллиондон ашуун. Бүгүнкү күндө алардын 200 миңге жакыны гана бала бакчаларда тарбияланып жатат.

Ушул жылдын аягына чейин 48 бала бакчанын пайдаланууга берилиши күтүлүүдө. Мындан тышкары, бакчага тартылбай калган беш жаштан жети жашка чейинки балдарды бакча программасы менен камсыздоо үчүн видео программалар даярдалып жатат. Ошондо да мектепке чейинки билимдин алгачкы көндүмдөрүн калыптандырууга жалпы балдардын 39 пайызы гана тартылат.

Нурзида Касымова – Билим берүү министрлигинин  мектепке чейинки билим берүү жана мектепке даярдоо башкармалыгынын башчысы

Педагог Куштарбек Кимсанов мамлекет бала бакчалардын санын көбөйтүүгө жетишерлик көңүл бурушу керек деп эсептейт. Себеби учурда көпчүлүк бакчаларда ченемден ашык бала тарбияланып жатат. Мындай шарт балдардын өнүгүүсүн толук камсыздай албайт. Тарбиячылар тарабынан өзүнө аз көңүл бурулуп жатканын байкаган жеткинчектерде жаңы нерсени өздөштүрүүгө кызыгуу жоголот.

“Бала бакчалар быйылкы жылдан баштап четинен курула баштаганда дагы азыркы учурда иштеп жаткан бакчалардагы балдардын жарымы жаңыларына которулат. Тактап айтканда, бат эле тартыштык жоюлбайт.  Бакчага кезекке катталган балдар кайра эле мектепке чейинки камсыздоого тартылбай калат. Ошондуктан мамлекет жеке бала-бакчаларды ачууга ишкерлерге жеңилдик бериши керек. Маселен, лицензия алуу жеңил деп айтылганы менен иш жүзүнө келгенде бир топ татаал. Эгерде менчик бала бакчалардын саны көбөйсө, акырындык менен төлөм акы дагы арзан болуусуна жол ачылат. Негизгиси, тейлөө сапаттары, балдарды мектепке чейинки тарбиялоо жакшырат”, – деди Куштарбек Кимсанов.

Мектеп жашына чейинки тарбия абдан маанилүү

Психолог Акчач Жолдошева балдарга туура тарбияны, психо-эмоционалдык өнүгүүсүнө түрткү берүүчү маалыматтардын баарын мектеп жашына чейин  берип үлгүрүү керек дейт. Эгерде ал этаптан өтүп кетсе, баланын психологиялык жактан өнүгүүсү кечеңдейт. Ошондуктан ата-энелер бакчага барбаган жана бакчада тарбияланып жаткан балага да үйдө сөзсүз убакыт бөлүүсү зарыл.

Акчач Жолдошева – психолог

Жамааттык бала бакчалар

Кыска мөөнөттүү жамааттык бакчаларда да көп сандаган балдарды тарбиялоого болот. 2006-жылы ЮНИСЕФ уюму менен “Айжан” коомдук фонду Баткен облусуна кыска мөөнөттүү бакчаларды ачышкан. Учурда Кадамжай жана Баткен райондорунда 35 бакча иштеп жатат. Ал жерде мектепке чейинки билим берүү программасы нөөмөт менен  жүргүзүлөт. Маселен, бир тайпа эрте менен келсе, экинчи тайпа түштөн кийин келет.

Кыска мөөнөттүү бакчалар акысыз кызмат көрсөтөт. Тарбиячылардын айлык маяналарын билим берүү министрлиги каржылайт. Коммуналдык төлөмдөрдү жергиликтүү бийлик төлөйт. Ал эми балдарга керектелчү калем, дептерлерди ата-энелер өздөрү алып беришет.

Баткен районундагы “Барчын” жамааттык бала бакчасында 200дөн ашуун бала тарбияланууда. Бакча жетекчиси Өскөнгүл Айжигитованын айтымында, балдар кезеги менен күнүнө үч сааттан билим алышат. Аларга сүрөт тартуу жана түрдүү оюндар аркылуу аң-сезимди туура калыптандыруу сыяктуу программалардын негизинде тарбия берилет.

Өскөнгүл Айжигитова – “Барчын” жаматтык бала-бакчасынын башчысы

Бала тарбиялоого көмөктөшкөн тиркеме

Билим берүү министрлиги ата-энелер үчүн мобилдик тиркеме иштеп чыгууда. Тиркемеде төрөлгөндөн жети жашка чейинки курактагы балдарды өнүктүрүү, мектепке чейинки программалар аркылуу окутуу жана багуу боюнча маалымат жайгаштырылат.

Маселен, бала кайсыл куракта эмнени өздөштүрүүсү, канча жашта сүйлөп башташы керектиги сыяктуу маалыматтарды тиркемеден таба алат. Жалпылап айтканда, ата-энелер баланын ар бир жаштагы физикалык, психологиялык, социалдык, эмоционалдык өнүгүүсү боюнча абалын байкап турат. Программаларды түшүнүүгө жеңил болуусу үчүн маалыматтар графика, сүрөт, кыска видеолор аркылуу даярдалып жатат. Учурда бул жаатта билим берүү жана саламаттыкты сактоо министрликтеринин эрте куракты өнүктүрүү боюнча адистери иш алып барууда. Мобилдик тиркеме ушул жылдын октябрь айында пайдаланууга берилет.

Баланы үй шартында да өнүктүрүүгө болот

Педагог Мастура Шарипова бакчага барбаган балдарды үй шартында деле өнүктүрүүгө болот дейт. Ал үчүн баланын жан дүйнөсүнө жакын болгон китептерди окуп берүү, ой жүгүртүүсүн жакшыртуучу мультфильмдерди көрсөтүү, сүрөт тарттыруу жана оюнчуктар аркылуу логикалык оюндарды ойнотуу сунушталат:

  • Баланын психологиясын бузбай турган, чет тилдерди жана каада-салтты камтыган мультфильмдин түрлөрүн көрсөтүү;

  • Мультфильмдеги жактырган каармандардын сүрөтүн тарттыруу,  атын жаздыруу;

  • Бала уктаар алдында тарбиялык мааниси бар жомокторду айтып берүү;

  • Калориялуу тамак-аш аркылуу психо-эмоционалдык жөндөмүн арттыруу;

  • Баланын өз алдынча ойноп, эркин ой жүгүртүүсүнө убакыт берүү;

  • Психологиясына жараша мамиле жасоо аркылуу жөндөмүн арттыруу. Бул бала тарбиялоо боюнча элдик педагогикадагы алтын эрежелердин бири.

Мастура Шарипова – педагог

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, мектепке чейинки билим берүү мекемелери менен камсыздоодо алдыда Ош шаары, төмөндө Ош облусу турат. Өкмөт бакча тартышыгын чечүү маселесин каражат жетишсиздиги жана калктын саны өсүп жаткандыгы менен түшүндүрүп келүүдө.

“Бул материал АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) жана FHI360 уюму өнөктөштүктө, Кыргызстандагы Интерньюстун өкүлчүлүгүнүн Медиа-К аталган долбоорунун колдоосу менен ишке ашырылды. Материалда айтылган пикирлер Интерньюстун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн көз карашына дал келбеши да мүмкүн.

Даярдаган: Нуржамал Баргыбаева

Сүрөт: bilesinbi.kg

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.