

Интернет айдыңында бала бакчалардын биринде, наристелердин 1 керебетте 3 – 4 төн жаткан видеосу тарады. Бул видеону Таалай Жунушов аттуу фейсбук колдонуучусу өзүнүн баракчасына жарыялады.
“Бул кайсыл жердеги бала бакча, ким билет? Ватсаптан келиптир, – деп билдирүү калтырган.
Видеодо балдардын жерде уктап жатканын дагы көрүүгө болот.
Бул көрүнүш Кыргызстандын кайсыл жеринде жана качан тартылганы белгисиз .
Эске сала кетсек, бүгүнкү күндө Ош шаарында бала бакчанын жетишсиздигинен улам 15 миңге жакын бала үйдө олтурууга аргасыз. Эки эсеге толуп калгандардын сап башында №35- “Асан-Үсөн” бакчасы турат. Мисалы аталган бакча 180 орунга ылайыкташканы менен учурда 900дөн ашуун бала тарбияланат. Ошол эле убакта дагы 55 бала кезек күтүп турат. Ченем боюнча бир тайпада 20-30 бала окуш керек. Шаарда акыркы 5 жылда 6 бакча салынган.
- 23.04.2019