“Бакас уулу Мадина”. РФтен алынган күбөлүктөгү каталар

Орусияда төрөлгөн кыргыз мигранттарынын балдарына берилген күбөлүктөр маселе жаратты. Анда “кызы” дегендин ордуна “уулу” деп жазылып калган. Мындай катачылыкка атасынын паспортун карап жазып алышканы себеп болгон.

Канатбек Бакас уулу 2 жаштагы кызы Мединанын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн оңдото албай убара тартып жүрөт. Ал “Бакас уулу Мадина” дегенди “Бакас кызы” деп өзгөртүшү керек. Жергиликтүү адистер катаны документти алган жерден гана оңдотууга болоорун айтышкан.

“Кызым Орусиянын Иркутск шаарында 2016-жылы төрөлгөн. Кийин документтерин алганы барганыбызда менин фамилиям Бакас уулу деп турса ошону фамилия деп түшүнүп кызымды да Бакас уулу кылып жазабыз дешкен. Канча талаш-тартыш болду. Бирок орустар түшүнбөй койду. Анан Кыргызстанга кайтышым керек болуп өзүбүздө түшүнүшөт, оңдотуп алаармын деп жаза бер деп келе бергем. Анан Баткенге барсам ошол Иркутскка барып оңдоткула дешти”, – деди  Кыштут айылыны тургуну Канатбек Бакас уулу.

Фамилиясы ката жызылып калган учур жалаң гана кыздарга күбөлүк берүүдө катталат. Азыр бул маселенин арты менен жүргөн жарандардын санын канча экени белгисиз. Муну атайын каттаган деле киши жок. Аймактагы жарандык актыларды каттоо бөлүмүнүн адистери документти жаран туулган жеринен гана алмаштыра алаарын айтып тим болушат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген