Байден: Эми АКШнын куралдуу күчтөрү башка өлкөлөрдүн башкаруу тутумуна каршы колдонулбайт

Америка Кошмо Штаттарынын президенти Джо Байден башка өлкөлөрдүн калыбын өзгөртүүлөргө келтирүү аракеттерин токтотконун билдирди. Бул тууралуу “РИА Новости” Washington америкалык басылмасына шилтеме берүү менен жазып чыкты.

Анда маалымдалгандай, Байдендин айтымында, башка өлкөрдүн башкаруу системасын өзгөртүүгө келтирүү үчүн эми аскердик күчтөр колдонулбайт.

Эскерте кетсек: 31 -августка караган түнү америкалык аскерлер Кабул аэропортунан чыгып, бул өлкөдө америкалык аскерлердин турушу токтотулган. Ооганстандын борборунун аэропорту талибтердин көзөмөлүнө өттү. Забиулла Мужахид кыймылынын өкүлү: Ооганстандын мамлекеттик системасы курап, америкалык аскерлери жеңилгенин жана Ооганстандагы максаттарына жеткен жок деп билдирди. Талибан кыймылы (Кыргызстанда тыю салынган) өлкөнүн дээрлик бардык аймагын басып алган. Алардын көзөмөлүндө болбогон жалгыз аймак – Панджшир. Талибтерге каршылык көрсөткөн фронттун лидери Ахмад Масуд, эгер талибдер инклюзивдүү өкмөттү түзүп, жарандык укуктардын сакталышын камсыз кылса, аларга каршы күрөштөрүн токтотуларын айтты.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.