БАЭнин бизнес делегациясы Кыргызстандын инвестициялык долбоорлорун изилдешет

Абу -Дабинин мураскор ханзаадасы Мухаммед бин Заид Аль Нахаян жакында соода -экономикалык байланыштарды түзүү жана инвестициялык долбоорлор менен таанышуу үчүн Кыргызстанга өкмөттүк бизнес делегациясын жөнөтөт. Бул тууралуу ал президент Садыр Жапаров менен телефон аркылуу сүйлөшүүдө билдиргенин президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Телефондук сүйлөшүүнүн алкагында тараптар соода -экономикалык жана инвестициялык чөйрөдөгү өлкөлөрдүн кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча актуалдуу маселелерди, ошондой эле коронавирустук инфекциянын жайылышынын абалын жана бул ооруга каршы биргелешкен чараларды талкуулашты.

Садыр Жапаров Кыргызстан БАЭ менен экономикалык жана инвестициялык мамилелерди чыңдоого чоң маани берерин белгилеп, бул тармактардагы мамилелерди тереңдетүүгө ишенимин билдирди.

Президент Садыр Жапаров мураскер ханзаадага эки тараптуу мамилелерди жаңы деңгээлге чыгаруу жана өлкөлөр ортосундагы достук мамилени чыңдоо максатында Кыргызстанга расмий сапар менен келүүгө чакырды.

Шейх Мохаммед бин Заид Аль Нахаян Садыр Жапаровдун чакырыгын кабыл алып, өз кезегинде аны БАЭге келип кетүүгө чакырды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.