БАЭнин компаниясы Кыргызстанда күн электр станцияларын курууга кызыкдар

БАЭден келген “MASDAR” компаниясы Кыргызстанда күн электр станцияларын курууга инвестиция тартууга кызыкдар. Бул тууралуу компаниянын өкүлдөрү КР Энергетика министрлиги менен болгон жолугушууда билдиришкенин министрликтин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Белгилүү болгондой, жолугушуу учурунда БАЭ өкүлдөрү Кыргызстанда энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча потенциалы жогору экенин белгилешкен. Ошондой эле, “MASDAR” күн электр станцияларына инвестиция тартууга кызыкдар экени белгиленди.

Жолугушуунун жыйынтыгында эки өлкөнүн энергетика министрликтеринин ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюу сунушталды. Тараптар азыр документтин долбоорун даярдоонун үстүндө иштеп жатышат.

Белгилей кетсек, бул компания Өзбекстанда күн электр станциясынын курулушуна 110 миң доллар инвестиция салган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.