Бабанов: электр энергиясынын тарифин төмөндөтүү керек

Өлкөнүн алыскы аймактарында жашагандар электр энергиясына болгон нарктын кымбат экенине нааразы. Бул боюнча эл өкүлдөрүнө кайрылуу түшкөн. Анда 700 киловатт саатка чейин 77 тыйындан, андан ашса 2 сом 50 тыйындан эсептелип жатканы калк үчүн кыйын болгонун айтышкан.

Бул тууралуу депутат Өмүрбек Бабанов айтып, Өкмөткө тарифти төмөндөтүү керектигин сунуштады.

 

Эскерте кетсек, буга чейин эл арасында “Акылдуу эсептегичтер” боюнча да нааразычылыктар көп айтылган. Абоненттер жаңычылдык ишке киргенден бери төлөм көп келип жатканын, контролерлор “Акылдуу эсептегичтерди” милдеттүү түрдө сатып аласыңар дешкенин айтып келишет.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген