Баарын өзгөрткөн 2 мүнөт

Бактылуу болууну , өзүңдү жакшы сезүүнү , убакытты туура пайдаланууну үйрөтө турган  китептер көп. Азыркы учурда көпчүлүккө керек болгон нерсе да ушул. Бирок мындай китептерди окуу үчүн көп убакыт талап кылынат. А сиз бул макаладан эки мүнөт ичинде эмнелерди өзгөртүүгө болоорун окуй аласыз. 

Менин убактым эч нерсеге жетпейт.

– Демек, пландарыңыз туура  коюлган эмес.

Көп нерсеге үлгүрсө болот эле го.

– Көп иштеңиз, “жок” деген сөздү азыраак  айтыңыз.

– Аткарууга тийишмин.

– Эгер сунуш көңүлүңүзгө жакпаса “жок” деп айтуудан коркпоңуз.

– Аларга мен “жок” деп айтсам таарынып калсачы?!

– Анын сизге тиешеси жок. Өз эркиңизге каршы чыкпаңыз.

– Азыр бул иштин убагы эмес.

– Ылайыктуу кез келбейт дагы. Күтүп жүрө берсеңиз, күн өтө берет. Кийин өз убагында баштабаганыңыз үчүн өзүңүздү күнөөлөйсүз. Андыктан пландап жүргөн жумушуңузду азыр ишке ашырыңыз.

– Мен бактысызмын.

– Жашооңузга өзгөртүү киргизиңиз. Өзүңүздү өзгөртүңүз.

 – Башым катты.  

– Терең дем алыңыз. Көңүлүңүзгө жаккан ишти жасап, максаттарыңызды акырындык менен орундатыңыз.

 – Балким акчам көп болгондо бактылуу болоор элем?

– Ооба, бирок белгилүү бир убакыт гана…

Бирок акчадан да маанилүү нерселер бар го?

– Алар жакындарыбыз менен өткөргөн күндөр. Өзүбүзгө  маанилүү болгон нерселерге бөлгөн убакыт.

– Бир көрүп арбап алууга болобу?

– Көзүнө тик карап, күлүмсүрөңүз. Шашпай сүйлөңүз. Өзүңүзгө болгон ишенимиңизди арттырып, кийген кийимдериңизге да көңүл буруңуз.

 – Мамилебиз солгундап кетти.  

–  Ачык сүйлөшүңүз. Жагымсыз жоруктарына чыдаңыз. Эгер чектен чыгып баратса, ортодогу мамилеге чекит коюңуз.

 – Андан жакшыраак адамды жолуктура албай калсамчы?

–  Балким андан 100 эсе жакшы адамга жолугаттырсыз. Анда эмне болот?

– Ал мени таштап кетти. Жүрөгүм ооруп жатат.

– Бирок жүрөгүңүз дагы деле согуп турат го. Демек, эч нерсе жоготкон жоксуз. Сизге керексиз адамдан кутулдуңуз.

– Жашоо мынча татаал!

– Бул баарына белгилүү. Эгер баары жөнөкөй, кечиримдүү болсо, бүткүл адам баласы бактылуу болоор эле.

Бирок менин чыдамым кетти.

– Мындай ой менен өзүңүздү гана жейсиз.

– Мага мунун бири да жардам бере албайт.  

– Макул! Андай болсо азыр кантип жашап жатсаңыз ошентип өмүр сүрө бериңиз.

–  Мен азыркы жашоомо канааттанбайм.

– Ар бир нерсенин жакшы жагын көрүп, ыраазы болуу адамдын өзүнөн экендигин унутпаңыз.

Өзгөрүүнү качан баштайм?

– Азыр баштаңыз.

Фото: google.com

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген