“Баары жакшы, тынч эле дейсиңер”- өкмөттүн өкүлү жетекчилерди катуу сынга алды

Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев Өзгөн районунда болуп, шаардын мэрин, жетекчилерин жана райондун акимин катуу сынга алды.

Жылкыбаев Өзгөн базарын кыдырып, андагы абал менен таанышуу учурунда базардагы продукциялардын баасы дагы деле жогору экендигин айтып, жетекчилерге эскертүү берди.

“Баары жакшы, тынч эле дейсиңер. Бирок ун кымбат болуп, ага жетпей аткан жарандарды көрүп атам. Буга тезинен чара көрүп, бааларды калыбына түшүргүлө. Болбосо кызматыңарга доо кетет”,- деди өкмөттүн өкүлү.

Эскерте кетсек, 15-мартта өлкөдө азык-түлүк калбай, ачарчылык каптайт деген негизсиз маалымат тарап, кыргызстандыктарды дүрбөлөңгө салган.  Мындан улам, базарларда ундун баасы кымбаттап, 1300 сомдун тегерегиндеги бир мүшөк ундун баасы 2000 сомго чейин чыккан.

Бааларды себепсиз көтөргөн ишкерлердин иши териштириле башталды

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген