Баңгизаттарды сатып жүргөн төрт жаран кармалды

ИИМдин Баңгизатка каршы күрөшүү кызматкерлери тарабынан баңгизаттарды мыйзамсыз сатууну уюштурган бир нече кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгү аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, өлкө аймагында ири өлчөмдөгү өсүмдүк түспөлүндөгү баңгизаттарды мыйзамсыз жайылтууну токтотуу боюнча атайын операция ийгиликтүү өткөрүлүп, аларды сатуу каналын үй-бүлөлөр уюштургандыгы аныкталды.

Үстүбүздөгү жылдын октябрь айында Бишкек-Ош унаа жолунда 1975-жылы туулган Н.Н. аттуу жаран кармалып, ага өздүк кароо жүргүзүү учурунда 820 грамм салмактагы баңгизат табылган. Териштирүү иштеринин алкагында алынган зат “гашиш” баңги каражаты экендиги аныкталган.

Жалал-Абад облусунда кошумча ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүүдө 1975-жылы туулган С.Б. кармалган. Ал буга чейинки кармалган жарандын жолдошу болгон. Натыйжада мыйзамсыз жүгүртүүдөн 445 грамм “гашиш” баңги каражаты алынган.

Ушул жылдын 9-декабрында “Сосновка” айылындагы стационардык постунда атайын тергөө аракетин өткөрүүдө 1990-жылы туулган Ж.К. аттуу жаранга таандык автоунаадан 104 грамм “гашиш” баңги каражаты табылган. Мындан сырткары 1972-жылы туулган К.Н. аттуу жүргүнчүсүнө өздүк кароо жүргүзүү учурунда 980 грамм “гашиш” баңги каражаты табылган. Алынган маалыматтарга ылайык, шектүү К.Н. 2012-жылдан тартып ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтордун биринин мүчөсү катары турат. Ошондой эле анын үй-бүлө мүчөсү кылмыш жоопкерчилигине тартылып, ушул эле жылы баңгилик кылмыш үчүн соттолгон.

Жогоруда көрсөтүлгөн фактылар кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 267-беренеси (сатуу максатында баңги каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана алардын окшошторун мыйзамсыз даярдоо) боюнча сотко чейинки өңдүрүш ишин баштаган. Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген