Бүтүрүү кечелерине тыюу салынды

Бүгүн, 24-июнда өлкөдөгү мектеп бүтүрүүчүлөрүнө орто жалпы билим жөнүндөгү аттестат тапшырылат. Аттестаттарды тапшыруу менен байланышкан бүтүрүү кечелерин уюштурууга жана ал үчүн акча каражаттарын чогултууга жол берилбейт. Бул тууралуу билим берүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, министрдин орун басары Надира Жусупбекова 2020-2021-окуу жылынын аякташына жана республиканын жалпы билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүнө аттестат берүүгө байланыштуу райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен онлайн-кеңешме өткөрдү.

Анда мектептердин аймагында өтө турган иш-чараларда санитардык нормаларды сактоо, ага бүтүрүүчүнүн ата-энесинин же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн бирөөсүн гана катыштыруу менен өткөрүлүшүн көзөмөлдөө, жашы жете электердин иштери боюнча инспекциянын кызматкерлери менен тыгыз иштешүү тапшырылды.

“Аттестаттарды тапшыруу маалында тартиптин камсыздалышы, бүтүрүүчүлөрдүн өмүрүнүн жана саламаттыгынын сакталышы үчүн жекече жоопкерчиликти жалпы билим берүү уюмдарынын жана райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери тартышат”, – деп жазылат министрилктин маалыматында.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.