Бүргөндү жана Масы айыл өкмөттөрү тез жардам унаалуу болушту

Өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу бүгүн, 24-мартта ЖКнын депутаты  Сыдыков Бактыбек Кочкор-Ата шаарына 150 миң сом, Бүргөндү айыл өкмөтүнө жана Масы айыл өкмөтүнө бирден тез жардам  унаасын берди. Бул тууралуу депутаттын жардамчысы Орозбек Осмонов билдирди.

Осмоновтун айтымында, депутат жогорудагы жардамдардан тышкары 400 миң сом акча жана 25 миң беткапты да аталган айыл өкмөттөрүнө тапшырды.

“Жардамдар Жалал-Абаддан башка жактарга да берилээри пландалып жатат. Саясатташтыруунун кереги жок, болгону кыйын кезеңде элге аз да болсо жөлөк болор деген гана максатта жардам берилип жатат”,-деди Осмонов.

Көмөк көрсөтүү демилгеси депутаттын өзүнө таандык экендигин Осмонов кошумчалады.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген