Милиция коопсуздукту камсыздоону күчөтөт

Айт майрамдары күндѳрү милиция  күчѳтүлгөн тартипте иштейт. Ѳзгѳчѳ шаар аймагында жайгашкан жана айт намазы окула турган мечиттер кѳзѳмѳлгѳ алынат. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сѳз кызматы билдирди.

Ал үчүн бардык мечиттерге  милиция кызматкерлери бѳлүнгөн. Аларга  жарандардын коопсуздугун сактоо,  укук бузууларга жол бербѳѳ, мечиттердин айланасындагы тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо тапшырылган.

Белгилей кетсек, быйыл Айт намазы  Ош шаарынын борбордук аянттында эмес,  мечиттерде окулат.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген