Бүгүнкү күнгө карата аба ырайы

2-декабрда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Маалыматка ылайык, абанын температурасы Чүй, Талас жергелеринде +2…+7 градус жылуу, Нарын аймагында 0…-5 градус суук, Ысык-Көлдө 0…+5, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында +4…+9 градус жылуу болот.

Бишкекте жамгыр, кар жаашы мүмкүн, Ош шаарында күн ачык болот. Борбор калаада күндүн табы +4…+6, Ошто +7…+9 градус жылуу болору болжолдонду.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген