Бүгүнкү күнгө карата аба ырайы

Бүгүн, 29-январда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору кабарлады.

Абанын температурасы Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн -3…-8, күндүз 1…6 градус болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз -2…+3; градус, Нарын облусунда түнкүсүн -19…-24, күндүз -7…-12 градус суук болушу күтүлөт.

Чүй облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз -2…+3, Талас облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз -4…+1 градус болот.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген