Бүгүнкү күнгө карата аба ырайы

Бүгүн, 27-январда өлкөнүн айрым райондорунда кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 27-январда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -1…+4;

Талас облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз -3…+2;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1…-6, күндүз 1…6;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -1…+4;

Нарын облусунда -18…-23, күндүз —6…-11 градус болот.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген