Бүгүнкү күнгө карата аба ырайы

Бүгүн, 22-январда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору кабарлады.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, тоолуу райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы түнкүсүн -2…-7 градус, күндүз 0…5 градуска жетет.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -6…-11 градус, күндүз -3…+2 градус, Нарын облусунда түнкүсүн -21…-26, күндүз -10…-15 градус суук болот.

Ал эми Чүй облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз -3…+2 градус, Талас облусунда түнкүсүн -3…-8 күндүз -3…+2 градус жылуу болот.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген