Бүгүнкү күнгө карата аба ырайы

Бүгүн, 16-январда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору кабарлады.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…-5;

Талас облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз -1…-6;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз 0…-5;

Нарын облусунда болсо түнкүсүн -17…-22, күндүз -4…-9;

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында -1…-6, күндүз -4…+1 градус болоору күтүлөт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген