Бүгүнкү күнгө карата аба ырайы

Бүгүн, 13-мартта түшкө чейин Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр, тоолуу жерлеринде кар жаайт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болуп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.

Абанын температурасы Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы түнкүсүн 0…5, күндүз 11…16 градус.

Чүй облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз 10…15, Талас облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 9…14 градус.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 6…11, Нарын облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 5…10 градус жылуу болот.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген