Бүгүнкү күнгө карата аба ырайы

Бүгүн, 4-мартта өлкө аймагында түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаайт, тоолуу райондорго кар түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору кабарлады.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, тоолуу райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 2…7, күндүз 11…16 градус жылуу болот.

Чүй облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз 10…15 градус, Талас облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 9…14 градус.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 2…7, Нарын облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз 1…6 градус болот.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген