Бүгүн ЖОЖдорго онлайн кабыл алуу башталды

Кыргызстандын жогорку окуу жайларына онлайн кабыл алуу, бүгүн башталды. Абитуриенттер Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан иштелип чыккан https://2020.edu.gov.kg/ системасына катталып, каалаган адистик жана окуу жайына тапшыра алат.

Абитуриенттерди онлайн кабыл алуу биринчи кезекте пандемия учурунда болочок студенттерддин коопсуздугун камсыздайт жана алардын ЖОЖдорго массалык топтолуусуна жол бербейт. Мындан сырткары:

  • абитуриенттин үйүндө отуруп эле санариптик жол менен ЖОЖго тапшыруусуна жол ачат;
  • бардык абитуриенттер үчүн бирдей шарт жаратат;
  • кабыл алуунун ачык-айкындуулугун, тазалыгын, тактыгын камсыз кылат жана сапатын жогорулатат;
  • ЖРТ сертификатынын талондорун эсептөө, ЖОЖго өтө турган абитуриенттердин рейтингдик тизмесин түзүү жана бөлүштүрүүнү толугу менен автоматташтыруу;
  • окуу жайлардагы кабыл алуу комиссияларынын ишин оптимизациялайт, алардын конкурстун жүрүшүнө жана жыйынтыктарына тийгизүүчү таасирин азайтат;
  • адам факторун жоюу аркылуу кабыл алуунун объективдүүлүгүн камсыз кылынат.

Жогорку окуу жайларга тандоонун жана кабыл алуунун үч турун өткөрүү каралган:

  • 1-тур – 20-22-июль, саат 14:00гө чейин – сынакка катышуу үчүн өтүнмөлөрдү берүү;
  • 2-тур – 27-29-июль, саат 14:00гө чейин – сынакка катышуу үчүн өтүнмөлөрдү берүү;
  • 3-тур – 3-5-август, саат 14:00гө чейин – сынакка катышуу үчүн өтүнмөлөрдү берүү;

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген