Бүгүн жана эртең аба катуу ысыйт. ӨКМдин билдирүүсү

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирүү жасады. Куткаруучулар жарандарды катуу ысыкта себепсиз көчөгө чыкпоого чакырышат.

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, өлкөнүн бир катар аймактарында бүгүн жана эртең катуу ысык аба ырайы күтүлөт. Өлкөнүн түштүк аймактарында жана Чүй облусунда +40 чейин, ал эми Таласта аба + 39га чейин ысыйт.

Күндүн ысыгынан коргонуу үчүн жеңил баш кийим жана ачык түстөгү пахта кездемесинен тигилген кийимдерди кийүү керек. Ошондой эле, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарды токойлуу жерлерде коопсуздук эрежелерин сактоого чакырат. Өрт чыгуу ыктымалдыгы жогору.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.