Бүгүн Өзбекстанда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт

Бүгүн 25-октябрда коңшу Өзбекстанда Кыргыз Республикасынын маданият күндөрү өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Иш- чаранын алкагында атайын даярдалган көчмө көргөзмө, театралдаштырылган көрсөтүү, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын артистери, Нурдин Түгелов атындагы “Ак – марал” Мамлекеттик бий ансамбли, Чалагыз Исабаев атындагы “Камбаркан” фольклордук – этнографиялык ансамбли жана кино тармагынын өкүлдөрү кыргыз элинин улуулугун жана улуттук өзгөчөлүгүн даңазалаган маданий программа аркылуу өнөрлөрүн тартуулашат.

Кыргызстандын маданият күндөрү Өзбекстандын Ташкент жана Самарканд шаарларында өтөт.

Белгилей кетсек бул , 2017 –жылдын 5- 6 – сентябрында Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга болгон алгачкы мамлекеттик иш сапарында, мамлекет башчылар Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамилелерди бекемдөө, достук жана кызматташтык алакаларды мындан ары өнүктүрүү максатында эки өлкөнүн ортосунда маданият күндөрүн өткөрүү макулдашылган.

Былтыры 15-октябрда Өзбекстандын маданият күндөрү Кыргызстандын Бишкек жана Ош шаарларында жогорку деңгээлде өткөрүлгөн.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген