Бүгүн унаадан баш тартуу күнү. Дүйнөдө мүнөт сайын бирден унаа өндүрүлөт

Бүгүн – Эл аралык автоунаадан баш тартуу күнү. Жыл сайын 22-сентябрь күнү белгиленген бул күн автоунаадан баш тартып, жөө жана шайтан араба менен жүрүүнү пропагандалоо максатында өткөрүлүп келет.

Унаалардын көп санда болушу чоң шаарлардын гана эмес дүйнө жүзүндө глобалдуу маселелелердин бири болуп саналат. Планетанын биосферасын бузат. Ал эми автоунаанын өзүнөн статистика боюнча күнүнө 3000 адам бул жашоо менен кош айтышат. Дүйнөдө мүнөт сайын жаңы автоунаа өндүрүлүп турат.

Албетте, автоунаадан толугу менен баш тартууга болбойт. Ошентсе дагы, анын келтирген зыяндарын жылына бир жолу болсо да эскертип туруу үчүн бул күн белгиленип келет.

Бүгүн экологиялык майрамдардын бири болгон пилдерди коргоонун эл аралык күнү. Табиятты коргоо уюмдары, экологдор жана пилдердин кыскаруусуна кайдыгер карабаган адамдардын демилгеси менен белгиленген.

Пилдер – жер планетасынын эң чоң сүт эмүүчүлөрүнөн. Акылдуу жана жогорку деңгээлде уюшкан жаныбарлар болуп саналат. Пилдин эң чоң душманы – адамдар. Тиш жана эт үчүн аңчылык кылуусу жана токойлордун жок болуусунан пилдердин жашоо чөйрөсү бузулуп, саны кескин азайууда. Күндүн негизги максаты – пилдерди коргоонун зарылдыгы тууралуу маалыматтарды жайылтуу жана пилдердин мыйзамсыз жок болуп жатканына жана туткунда туура эмес багылуусуна коомчулуктун көңүлүн буруу болуп саналат.

 

АКШда бүгүн ишкер айымдар күнү. Америкалык ишкер айымдар күнү аялдардын эмгегигинин маанилүүлүгүн жана заманбап Американын экономикалык жактан туруктуу жана гүлдөгөн мамлекет катары имиджин түзүүгө аялдардын салымы чоң экендигин белгилөө максатында майрамдалат. Майрам эл аралык деңгээлде болбосо дагы, Америкада иштеген 57 миллион айымдын урматына белгиленет.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген