Бүгүн унаа салыгын төлөөнүн акыркы күнү

Бүгүн, 1-сентябрда, унаа салыгын төлөө мөөнөтүнүн акыркы күнү. Бул тууралуу мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Ал эми эртең, 2-сентябрда, турак-жай жана батир (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган), ошондой эле, жер (короо-жай, короо жай алдындагы жана бак-чарба жер участоктору) салыктарын төлөө мөөнөтү аяктайт.

Салыктарды каалаган банк мекемесинин кассаларынан, почта бөлүмдөрүнөн, ошондой эле төлөм жана POS-терминалдарынан, мобилдик жана интернет-банкинг, төлөм карталары же башка перифериялык түзүлүштөр аркылуу төлөөгө болот.

Кененирээк маалыматты 116 телефону аркылуу же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.