Бүгүн учак кырсыгынан каза болгондорго арналган эстеликтин ачылышы болот

Бүгүн, 13-январда Чүй облусунун Дача-Су айылында жүз берген учак кырсыгынан каза болгондорго тургузулган эстеликтин ачылышы болот. Ага өкмөт өкүлдөрү, маркумдардын жакындары жана жергиликтүү тургундар катышат.

Эстелик мрамор таштан жасалып, ортосуна учактын канаты кулап келе жаткан элеси түшүрүлүл, эки жагына каза болгон 39 адамдын аты жөнү жазылган.

Эстеликти жабыр тарткандар өздөрүнүн эсебинен Дача-Су айылынын күн батыш тарабына коюп жатышат.

Боинг-747 учагы 2017-жылдын 16-январында Чүй облусунун Дача-Су айылына кулап, андан 39 адам каза болгон.

Сүрөт: Азаттык

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar