Бүгүн Роналду менен Неймар туулган күнүн белгилөөдө

Бүгүн, 5-февралда дүйнөгө аты чыккан эки футболчу Криштиану Роналду менен Неймар Жуниор туулган күнүн белгилеп жатышат. Эки футболчу бир күндө жарык дүйнөгө келген. 

Португалия жана “Ювентус” клубунун чабулчусу Криштиану Роналду 1985-жылы  Фуншал шаарында төрөлгөн. Ал буга чейин “Спортинг”  “Манчестер Юнайтед” жана “Реал Мадрид” клубунда ойноп, 5 жолу дүйнөнүн эң мыкты футболчусу аталган. Португалия курамасы менен болсо, Европа чемпионатында 2004-жылы күмүш, 2012-жылы коло, 2016-жылы алтын медалга жетишкен.

Ал эми Неймар Жуниор 1992-жылы Бразилиянын Сан-Паулу штатында жарык дүйнөгө келген. Ал буга чейин “Сантос” жана “Барселона клубунда топ сүргөн. Азыр Фрациянын “ПСЖ” клубунда ойнойт жана дүйнөнүн эң кымбат оюнчусу деп табылган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген