Бүгүн Оштун айрым аймактарында электр жарыгы өчөт. Тизме

Бүгүн, 6-май кунү Оштун айрым аймактарына электр жарыгын берүү чектелет.  Бул тууралуу “Ош Электро” ААКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу төмөнкү аймактарда 9 саатка жарык өчүрүлөт:

  • Ош шаарынын Ш.Руставели, Кара-Суу, Мамажан, Осмонов, Чымынов, Жороев көчөлөрүндө, Ак-Тилек кичи районда жана СМУТТ аймагында,
  • Кара-Суу районунун Учар, Кеңеш, Тээке айылында жана Бору, Жыңалач, Кара-Сөгөт, Комбаза айылдарында өчөт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген