Бүгүн Оштун айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт

Бул туурасында “Ынтымакка” Ош Электро ААКнын маалымат катчысы Талгат Алиханов билдирди.

15-ноябрь күнү 8-00дөн  17-00гө чейин  Ош шаарынын  Алебастров, Ленин, Навои, Курманжан-Датка, Мавлянов, Алиев, Айтиев, Моминов, Абдыкадыров, Калинин көчөлөрүндө  электр жарыгын берүү чектелет.

Мындан сырткары Араван районунун  А. Анаров, Керме-Тоо айыл аймактарында жана Өзгөн районунун Мырза-Аке, Алтын-Булак, Көлдүк, Дон-Булак айылдарында, Кара-Кулжа районунун  Ылай-Талаа, Кенеш, Кара-Гуз, Сары-Булак, Чалма, Капчыгай, Ой-Тал, Кызыл-Жар, Алайку аймактарында да электр жарыгы өчүрүлөт.

Мындай өчүрүүлөр оңдоп түзөө иштерине байланыштуу болууда. Жалпысынан электр жарыгын берүү 9 саатка чектелет.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген