Бүгүн Оштун айрым аймактарында 8 саатка жарык өчөт. Тизме

Бүгүн Ош шаарынын айрым аймактарында 8 саатка электр жарыгы өчөт. Бул тууралуу “Ош Электро” ААКнын басма өз кызматы кабарлады.

Өчүрүү оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу эрте мененки саат 09:00дөн кечики 17:00гө чейин төмөнкү аймактарда өчүрүлөт.

Алымбаев, Карабаев,Токтогулов, Давыдов, Мамажан, Ж.Мамытов, Алыкулов, Бекмуратов, Достук, Куренкеев, Фучика жана  Масалиев көчөсүндө жайгашкан  № 11,№15, №17, №45, №65 көп кабаттуу үйлөрдө, Монуев көчөсүндөгү№54,  №56   көп кабаттуу үйлөрүндө электр энергиясын берүү чектелет.

Аталган мекеме жарандарды мындай  ыңгайсыздыктарды түшүнүү менен кабыл алууга чакырат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген