Бүгүн Ошто акын Тазагүл Закированын 70 жылдык юбилейи белгиленет

Акын Тазагүл Закирова бүгүн,  29-ноябрда 70 жылдык юбилейин белгилейт. Поэзия-ыр кечеси Ош улуттук драм театрында саат 15:00дө өтөт.

Закирова драматург, эмгек сиңирген ишмер, кинодокументалист катары белгилүү. Акындын  чыгармалары 1963-жылдардан жарык көрө баштаган. “Купуя сезим”, “Ыйык шаарым”, “Кусалык”, “Боз торгойдун ыры” аталышы сыяктуу 23 жыйнактын автору. Тазагул Закированын 100гө жакын ырларына обон жаралып, 5 даректүү фильм тартууга жетишти.

Белгилүү акын бир канча мамлекеттик сыйлыктардын ээси. Анын ичинде “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери” наамын алган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген