Бүгүн – Ош шаарынын күнү

Бүгүн, 5-октябрь – Ош шаарынын күнү. Шаарга 3021 жыл толду. Бул күн бүгүн майрамдык салтанат менен белгиленет. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шаар күнүнө карата борбордук аянтта майрамдык иш-чаралар уюштурулат.

Белгиленгендей, 10:00дө Ош шаарынын өнүгүшүнө, шаардыктарга ыңгалуу шарттарды түзүп берүү максатында, ак ниет эмгеги менен иштеп жаткан мекеме-ишканалардын, жогорку жана орто окуу жайларынын, өндүрүш ишканалардын кызматкерлеринин парады болот. Жөө жүрүш концерттик программа менен коштолот.

Ош шаарнын күнү кечинде гала-концерт менен уланат.

Шаар күнүн 5-октябрда белгилөө 2000-жылы президенттин жарлыгы менен бекитилген. Ошол жылы калаанын 3000 жылдыгына арналган кеңири масштабдуу иш-чаралар аяктаган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.