Бүгүн музейлердин эл аралык күнү

Жыл сайын дал ушул күнү, көптөгөн өлкөлөр 1977-жылы негизделген Эл аралык музейлер күнүн белгилешет. Бул күндү белгилөөгө Кыргызстан 2011-жылы расмий түрдө кошулган.

Республикада музей иши 1925-жылы башталган, мында биринчи болуп – Михаил Фрунзенин мемориалдык үй-музейи ачылган. Учурда өлкөдө 48 мамлекеттик жана 30га жакын ведомстволук музейлер бар, алар тарыхый жана маданий мурастарды сактоого жана өнүктүрүүгө негиз болуп саналат.

Кыргызстандын тарыхый жана маданий эстеликтеринин мамлекеттик тизмесине 500дөн ашык объект киргизилген.

Каражаттын аздыгына карабастан, республиканын музейлери материалдык жана руханий маданияттын эстеликтерин чогултуу жана сактоо менен көптөгөн илимий жана билим берүү иштерин жүргүзүшөт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.