Бүгүн Мухаммедкалый Абылгазиев Алматыдагы жыйынга катышат

Бүгүн, 1-февраль Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин (ЕӨАК) кезектеги жыйынына катышат.

Өкмөт башчы ЕӨАК тар жана кеңири чөйрөдөгү жыйындарына катышат, анда  интеграциялык биримдиктин өлкөлөрүнүн кызматташтыгынын актуалдуу маселелери, анын ичинде Биримдиктин күн тартибиндеги санариптик долбоорлорду ишке ашыруу механизмдери, ЕАЭБ мүчө-мамлекеттеринин өз ара соода абалы, алардын экономикалык өнүгүүсүн камсыздоо чаралары жана башка маселелер талкууланат.

Мындан тышкары,өкмөт башчы «Глобалдаштыруу доорундагы санариптик күн тартиби 2.0» форумуна да  катышат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.