Бүгүн өлкөнүн көпчүлүк аймагында кар жаайт

Бүгүн көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМ билдирүү таратты.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө -1° сууктан …+1° жылуулукка чейин,  Чүй, Талас өрөөндөрүндө -5…-10°, Ысык-Көл ойдуңунда 0…-5°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында -10…-15°, тоолуу райондордо -12…-17° суук болушу күтүлөт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген