Бүгүн өлкөдө билим күнү белгиленди. Фоторепортаж

Быйыл 1-сентябрь дем алыш күнгө туура келгендигине байланыштуу жаңы окуу жылы 2-сентябрда башталды. Ушул тапта Ош шаарынын мектептеринде билим күнү салтанаттуу түрдө белгиленип жатат. 

Өлкөнүн Билим берүү жана илим министрлиги кабарлагандай, 2019-2020-окуу жылында Кыргызстан боюнча 156 миңден ашык бала 1-класска барат.

2-сентябрда өлкөдөгү бардык мектептерде Билим күнүнүн башталышына байланыштуу салтанаттуу чогулуштар уюштурулуп, 3-сентябрдан тартып сабактар өтүлө баштайт. Кыргызстанда быйыл мектепке барчу окуучулардын жалпы саны 1 миллион 300 миңге чамалайт. Өлкө боюнча мектептердин саны 2 265ге жеткен.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген