Бүгүн Кыргызстандык футболчулар Филиппин менен беттешет

Бүгүн, 16-январь Кыргызстандын футбол боюнча курамасы Филиппиндиктер менен чечүүчү оюн өткөрөт. Беттеш кечки саат 19:30да болот.

Буга чейин кыргызстандык футболчуларга өлкө башчысы да ийгиликтерди каалаган.

«Биздин футболчулар Азиядагы алдыңкы футбол державалары менен тең ата ойной ала турганын далилдей алышты. Оюн учурунда биздин футболчулар бири-бирин колдоп, ар бир топ үчүн катуу аракет кылганын көрдүк. Жигиттерибиз бардык күчүн үрөп ойноп, өлкөбүздүн намысын татыктуу коргой алышты. Алдыда дагы бир матч турат, ал дагы абдан маанилүү жана аныктоочу матч болуп саналат. Биз командабызга чын ниеттен ишенебиз! Силерге ийгилик жана жеңиш каалайм», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Кыргызстандыктар буга чейин эки ирет оюн өткөрүп, жеңилүүгө дуушар болгон. Эгерде бүгүн атаандашын ута турган болсо, Азия Кубогунун кийинки баскычына чыгуу мүмкүнчүлүгунө ээ болушат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген