Бүгүн Кыргызстанда Мамлекеттик тил күнү

Бүгүн, 23-сентябрь — «Мамлекеттик тил» мыйзамы кабыл алынган күн.  Анын быйыл 32 жылдыгы белгиленип жатат. Бул мааракеге карата өлкөдө бир катар иш-чаралар өтөт.

Кыргызстандын мамлекеттик тили – кыргыз тили. Бул дата өлкөдө жыл сайын 23 -сентябрда белгиленет.

1989 -жылы дал ушул күнү, Кыргыз ССРнин Жогорку Совети тарабынан “Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамдын кабыл алынгандыгынын урматына белгиленет.

Кыргыз тилинде Өзбекстанда, Тажикстанда, Казакстанда, Кытайда, Орусияда жана башка кээ бир өлкөлөрдө жашаган этникалык кыргыздар дагы сүйлөшөт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.