Бүгүн Кыргызстанда коронавируска чалдыккан жаӊы учур катталган жок

23-март саат 09:00гө карата Кыргызстанда коронавируска чалдыккан жаӊы учурлар катталган жок. Бул тууралуу коронавирус боюнча Республикалык штабдан билдиришти.

COVID-19 вирусуна менен ооруган адамдардын саны – 14. Алар: 6 эркек, 8 аял. Бейтаптардын арасынан Жалал-Абад облусунда дарыланып жаткан эки адамдын абалы орточо оор деп аныкталып, 1949-жылкы эркек-бейтап жандандыруу бөлүмүнө которулду. Ал эми калган 12 бейтаптын абалдары канааттандырарлык. Булар менен карым-катнашта болгон 2628 адам табылып, үй карантинине алынды.

ДССУ маалыматтарына ылайык, 23-мартка карата дүйнөнүн 187 өлкөсүндө коронавируска чалдыккан 294 110 учур тууралуу маалым болду. 12 944 өлүм учуру катталды. Оорулуулардын эӊ көп саны Кытайда (81 499), Италияда (53 578), Испанияда (24 926), Иранда (21 638) жана Германияда (21 463) катталган.

Ошондой эле РФте – 367, Казакстанда –59, Өзбекстанда – 42, Кыргызстанда – 14 учур аныкталды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген