Бүгүн коронавирус жуктуруунун жаңы учуру катталган жок

2020-жылдын 22-мартында коронавирус жуктуруунун жаңы учуру катталган жок.

Бул тууралуу Коронавирусту алдын алуу жана жайылтпоо боюнча түзүлгөн штабдан билдиришти.

Буга чейин өлкөдө бардыгы болуп COVID-2019 кабылгандардын саны 14 экени айтылган (6 эркек, 8 аял):

📌Баткен облусу – 1 адам;

📌Сузак району – 8 адам;

📌Ноокат району – 3 адам;

📌Бишкек шаарында – 2 адам.

Бейтаптардын жаш курактары 25 жаштан 80 жашка чейинкилер, бардыгы тиешелүү дарылануудан өтүүдө.

Бейтаптар менен байланышта болгон жактардын саны – 2628 адам.

Азыркы учурда инфекциянын чордондорунда эпидемияга каршы жана профилактикалык иш чаралар уланууда.

Коронавирус: Кыргызстандын түштүгү кооптуу абалда. 3 облустун акыркы маалыматтары

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген