Бүгүн коронавирус 37 кишиден чыкты

2020-жылдын 22-майына карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 37 учур катталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев бүгүнкү брифингде билдирди.

Анын ичинен:

Бишкек ш. – 6 + 3 Санкт-Петербургдан келгендер
Чүй облусу – 1 Соль-Илецктен келгендерден
Ош облусу – 6
Нарын облусу – 21

2020-жылдын 22-майына карата Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктуруунун 1350 учуру катталды.
Стационарда – 387, алардын ичинен реанимацияда – 4.
Ооруканадан чыгарылды – 949.
Каза тапты – 14.

Вирус жуктурган медкызматкерлердин саны 273кө жетти

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген