Бүгүн илдеттен айыккан 10 бейтап ооруканадан чыгарылат

Бүгүн, 8-апрелде Жалал-Абад облустук ооруканасынан дагы 10 бейтапты чыгаруу пландалууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри билдирди.

Өлкө боюнча стационарлардан жалпы 25 бейтап коронавирус инфекциясынан айыгып, үйүнө чыгарылды.

Обсервацияда бүгүнкү күндө 1 097 адам жатат, ал эми үй карантинине 439 адам жайгаштырылган. Алардын тизмеси күн сайын көзөмөлдөп туруу үчүн укук коргоо органдарына жана үй-бүлөлүк дарыгерлерге берилди.

Бүгүн өлкөдө коронавирустун 42 жаңы учуру катталды. Алардын 16сы эркек жана 26сы аял. 14ү медициналык кызматкерлер.

Жаңы катталгандардын көпчүлүгү Ош облусунун жашоочулары

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.