FB Twitter YouTube Одноклассники

Бүгүн-эртең үшүк жүрөт

25-26-сентябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарынын тоо этектеринде айрым жерлеринде -1…-3° үшүк, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында -3…-5° үшүк жүрүшү күтүлөт.  Буга байланыштуу ӨКМ шашылыш билдирүү таратты. 

Мындай үшүктүн жүрүшү жыйналбаган жашылча жемиштерге, казылып алынып, жабылбаган картошка жана кант кызылчасы үчүн коркунучтуу.

Материалдык чыгымдарды азайтуу максатында ӨКМ Жарандык коргонуу кызматтарына жана  жана уюлдук операторлор аркылуу элге СМС билдирүүлөр жөнөтүлдү.

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz