Бүгүн-эртең Ошто 8 саатка жарык өчөт. Кайсы көчөлөрдө?

Ош шаарынын айрым аймактарында 16-17-май күндөрү саат 09:00дон 17:00го чейин жарык өчүрүлөт. Бул күз-кыш мезгилине энергообъектилерди даярдоо иштерине байланыштуу экенин Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

16-майда №4 “Ак-Тилек” аймактык кеңешине караштуу Эсенжанов көчөсүндө, Анар кичирайонунда, №50 жана №52 мектебинде, Ак-Тилек кичи шаарчасынын №1, 2,3, 19, 21, 23, 25, 26, 28, 34, 4, 5, 6, 7, 8, 9, 10,11, 12, 13, 14, Учар айылында жана Мамыров көчөлөрүндө убактылуу  свет өчүрүлөт.

17-майда №8 “Ак-Буура” аймактык кеңешине караштуу  Салык инспекциясы, Каржы полициясы, Шевченко мектеби,  Столичный, А.Шакиров 269, 269а, Жумабаев, Депутат, Мехнат, Увамский , Зеленый, Москва, Абдуллаев, Заречной, Жалал-Абад, Баратов, Ленинград, Мадумаров, Ак алтын, Демократ, Памир көчөлөрүндө электр энергиясы өчурүлөт.

Ушул эле күнү №10 “Курманжан Датка” жана “Достук” аймактык кеңештерине караштуу Фрунзе кичирайонунун базары, Шелкамбинат кичирайону, А.Шакиров 8, 9, 11, шаардык ӨКМ, Касымалиев, Панфилов, Некрасов, Спортивный, 1, 1а, Ленин, Алиев, Чапаев, К.Датка, Вишневый, Ташкент кең көчөлөрүндө жарык өчөт.

Сүрөт: www.oshsu.kg

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген