Бүгүн эл аралык рахмат айтуу күнү

11 январь бүткүл дүйнөлүк рахмат айтуу күнү.  Бул датаны календардын эң сылык жана жагымдуу күндөрдүн бири деп эсептесек болот.

Майрам азыркы учурда популярдуулукка жетишпегени менен ыраазычылык билдирүү коомго өтө зарыл  көрүнүш десек болот.

Психологтордун изилдөөлөрүнө ылайык,  “рахмат” сөзү жөн гана сылыктыкты түшүндүрбөстөн, адамдын жашоосунда таасир этүүчү сыйкырдуу сөз деп табылган.  Андыктан бул күнү ата-эне, бир тууган жана жакын адамдарга рахмат айтып, куттуктоо баракчаларын  чакан белектер менен коштоп берүү туура болот.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген