Бүгүн – Эл аралык демократия күнү

Ар биркүн өзгөчө. Ар бир күн белгилүү бир майрамга, тарыхый окуяга жок эле дегенде сиздин жашооңузда, балким, жагымдуу эскерүүлөргө бай маанилүү бир күн болушу мүмкүн. 15-сентябрь эмнеси менен өзгөчө, дүйнөдө бүгүн кандай майрам белгиленип жаткандыгын төмөнкү макаладан тапсаңыз болот.

Бүгүн демократиянын эл аралык күнү. Бул майрам Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясы тарабынан 2007-жылы белгиленген. Бул дата жаңы жана калыбына келтирилген демократиянын эл аралык биринчи конференциясынын 20 жылдыгына карата уюштурулган.

Демократия – бул максат гана эмес дүйнөнүн ар бир бурчундагы, ар бир адамга коомдун жана жарандарынын демократиялык идеалдарын мамлекеттик бийлик өкүлдөрүнүн жана эл аралык уюмдардын колдоосу менен аткарууга боло турган процесс.

Бул күнү белгилүү бир теманын айланасында лекциялар, семинарлар, тегерек столдор өткөрүлөт. Андан сырткары гезит, атайын баракчалар сыяктуу маалымат материалдары даярдалат.

Орусияда расмий эмес түрдө, 15-сентябрда санитардык-эпидемиологиялык кызматтын жумушчулары кесиптик майрамын белгилешет. Азыр бул орган санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору аталып, санитардык эрежелерди сактоону, эпидемиологиялык кырдаалды көзөмөлдөп, ошондой эле, эпидемиянын жана вирустук оорулардын алдын алуучу профилактикалык иш-чараларды өткөрүп, керектөөчүнүн укугун коргойт.

Дагестанда бүгүн элдин биримдиги, ал эми Азербайжанда билим күнү, Беларуссияда болсо, китепкана күнү белгиленип жатат. Андан сырткары Коста-Рика өлкөсү өзүнүн эгемендигин жана Орусия планетабыздын “өпкөсү” болгон – токой күнүн белгилеп жатат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген