Бүгүн Эл аралык аарылар күнү

Аталган майрам 20-майда, заманбап аары чарбасынын негиздөөчүсү Антон Яншанын (1734-1773) туулган күнүндө белгиленди. Бул күн бал аарыларынын өсүмдүктөрдүн чаңдашуусунда жана башка аары чарбасынын азыктарын алууда ойногон ролу чоң экендигине көңүл буруу үчүн түзүлгөн.

Аарылар күнүн белгилөө Словениянын сунушу менен БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан 2017-жылдын 20-декабрында “чаңдаштыруучулардын маанилүүлүгүн, алардын болушуна болгон коркунучтарды жана туруктуу өнүгүүгө кошкон салымын эске салуу үчүн” бир добуштан жактырылды.

Кыргызстанда балдын бир нече түрлөрү кездешет: эспарцет, өрөөн жана тоо балы. Бирок эң негизгиси, өнүмдүн дарылык касиети бар.

Ал жүрөк-кан тамыр ооруларын, бөйрөк жана боор ооруларын дарылайт, кош бойлуу аялдарга пайдалуу жана иммунитетти чыңдайт. Кыргызстандын балы ар дайым өзүнүн даамы жана дарылык касиети менен белгилүү болгон. Совет мезгилинде аны атайын Москвага жөнөтүлүп турган.

Илгертен бери өлкөбүздө табигый өнүмдөн, дары-дармектерден тышкары, ар кандай кошумча азыктарды өндүрүлүп келген, алар туристтер тарабынан дагы, жергиликтүү калк тарабынан дагы суроо-талапка ээ. Мисалы, бал мумуна арчанын бутагын салып, күйгүзүп койсо, бөлмөдө абадагы микробдордун бардыгы жок болот экен.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.