Бүгүн Дордой Алтын-Асыр менен беттешет

Бүгүн АФК кубогунун 5-тур алкагында Бишкектин  “Дордой” командасы Түркмөнстан чемпиону “Алтын-Асыр” менен беттешет. Бул тууралуу АФК сайтты жарыялады. 

Эки команданын оюну Ашкабад шаарындагы “Копетдаг” стадионунда болуп, Бишкек убактысы менен кечки саат 20:00 башталат. Эске сала кетсек. “Дордой” 3-апрелде “Алтын-Асыр”  менен Бишкекте болгон 1-оюнунда 1:1 ойногон эле.

Бүгүн ушул топтун 2-жуптугунда Тажикстандын вице-чемпиону “Худжанд” “Истиклолду” кабыл алат.

Азыр, “D” тобунда  “Истиклол” 7 упай менен 1-орунда баратса, “Алтын-Асырда” 6 упай бар. Ал эми “Дордой” менен “Худжанд” 4төп упай топтоп 3-орунду бөлүшүп турат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген