Бүгүн Дордой АФК кубогундагы акыркы беттешин өткөрөт

Бишкектин “Дордой” командасы  бүгүн АФК кубогунун тайпалык баскычтагы акыркы беттешин Тажикстандын вице-чемпиону Худжандка каршы өткөрөт. Бул тууралуу  АФК сайты жазып чыкты. 

Эки клубдун беттеши Бишкек убактысы менен кечки саат 20:00дө Дөлөн Өмүрзаков стадионунда башталат.

Эске салсак, Александр Крестинин шакирттери Тажикстанда Худжанд менен болгон 1-оюнунда 3:1ге утулуп келген. Бүгүнкү беттеш Дордой үчүн эч кандай мааниге ээ эмес. Алар жеңишке жетсе да кийинки баскычка чыга албайт.

Ал эми “Худжанд”  “Дордойду” ири эсепте утса кийинки турга чыгышы мүмкүн. Бирок, Истиклол” менен “Алтын-Асырдын” беттешине көз каранды. Алар Душанбеде беттешет.

Азыр, “Атын-Асыр” 9 упай менен тайпада 1-орунда. Ал эми “Истиклол” менен “Худжандда” 7 ден упай бар. “Дордой” клубу 4 упай менен акыркы катарды келетат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген