Бүгүн дарыгерлер үймө-үй кыдырып, Умрага барып келгендерден анализ алышат

Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Умрага барып келгендерге кайрылуу жасап, аларды үйдөн чыкпай, эч ким менен байланышпай туруусун суранды.

Министрдин айтымында, бүгүн жергиликтүү дарыгерлер ажыга барып келгендердин тизмеси менен үйлөрүн кыдырып,  анализдерди алат.

“Паникага алдырбай, гигиеналык эрежелерди так сактап туруңуздар. Мүмкүн болушунча бала-чака менен убактылуу алысташып турганыңар жакшы. Мындай кылуу менен мамлекетке, коомго эле эмес, өзүңүзгө өзүңүз да жардам берген болосуз”,- деди Чолпонбаев.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген